Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын 2022-2023-окуу жылдын негизинде Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чарага маалымат
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында 10-мартта 2023-жылы Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.
“Насирдин Исановго 80 жыл” деген темада 1-11-класстардын класс жетекчилери класстык сабактарды өткөрүштү.
Тарых мугалимдери Айчүрөк Бактыбековна жана Ишенбек уулу Бакберген тарабынан даярдалган 9-10-11-класстар менен тегерек стол уюштуруп, Насирдин Исановдун өмүр баяны жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти. Доклад окулуп, кыргыз элине жасаган эмгектери жөнүндө айтылды. Окуучулар арасына суроолор берилип, жооптор алынды.
8-г класс менен класс жетекчиси Сариева Анара Асанакуновна Аламүдүн райондук китепканасына барып, Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсүнө катышып, окуучуларга кеңири маалыматты китепкана жетекчилери кеңири түшүнүктөрдү беришти. Соңунда Насирдин Исановдун кылган эмгектери жана өмүр баяны жөнүндө чакан видео материалдар менен тааныштырды.
Организатор: Сариева А.А.
Комментарии