Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында
15-мартта 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата,Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун медсестрасы Алиева Замира Алиевна жана дене тарбия мугалимдери Арматов Ишенгожо Арматович,Исабеков Гулжигит Зулумбековичтер менен биргеликте 9-10-11-класстар арасында мелдеш өткөрүлдү. Мелдеште окуучулар үч командага бөлүнүп, беш түрлүү оюндар менен өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун ар түрдүү белектерине (наушник, шампунь, кол крем, капилка, шахмат) ээ болушту.
16-мартта башталгыч класстар 4-класстар арасында “Дени сак дене” деген темада “Көңүлдүү эстафета” өткөрүштү. Эстафетага Раманова Татьяна Николаевна катышып, жеңүүчүлөргө грамоталарды тапшырды.
7-8-класстарга класс жетекчилер тарабынан Кургак учук боюнча жат жазууларды жазышты.
8-11-класстар арасында “Биз кургак учукту жок кылабыз!” деген темада сүрөттөрүн тартышты.
Комментарии