1-сентябрь Билим күнү!
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында саат 9-00 дө 1-сентябрь билим күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, ата-энелер комитетинин төрагасы Турдиев Кожокмат Тактиевич, ата-энелер жана мугалимдер катышты.
Иш-чаранын аземинин ачылышында Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, окуучулар ырдашты.
Элдик “Ханыша” бий ансамбили кутуктоо бийи менен иш-чараны ачып берди.
Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги А.Ш.Омурова мугалимдер жааматын, конокторду, ата-энелерди жана 1-класска кирген окуучуларды куттуктап, сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Прездентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апаратынын Жалпы билим берүү мекемелери менен биргеликте татыктуу билим алуусуна дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн Ыраазычылык кат ата-энелер комитетинин төрагасы Турдиев Кожокмат Тактиевичке тапшырды.
Иш-чарада “Манас” айтуу конкурсунун жеңүүчүсү 5-6-класстарынын окуучулары “Манас” эпосунан үзүндү айтып, “Сахна кеби” ийриминин окуучулары көркө ырларын айтып беришти.
Иш-чаранын соңунда коңгуроо кагылып,
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жарандык иденттүүлүк-Кыргыз жараны өнүктүрүү концепциясында жазылган принциптердин негизинде өнүккөн жана толеранттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуу максатында
1-4-класстарга “Достукта биздин күчүбүз!””, 5-6-класстар “Санариптештирүү менин жашоомдо”, 7-9-класстар “Санариптик сабаттуулук-сапаттуу келечектин негизи, 10-11-класстар “Нарктуу кыргыз жараны-өлкөнүн келечеги” деген темаларда класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өткөрүлдү.
Иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Комментарии