15-октябрь 2023-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №101-6 буйругунун негизинде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар өспүрүмдөр уюумун кабыл алуу
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында саат 9-45 те 15-сентябрь Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №101-6 буйругунун негизинде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар өспүрүмдөр уюумун кабыл алуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага эмгек социялдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чонбагышева Жаңыл Насировна, Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, ата-энелер комитетинин төрагасы Турдиев Кожокмат Тактиевич, ата-энелер жана мугалимдер катышты.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, мектептин мыкты окуган окуучулары Мажитова Аяна, Эсенбекова Чынара, Кочкорбеков Али тууну көтөрүштү.
Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги А.Ш.Омурова мугалимдер жааматын, конокторду, ата-энелерди жана “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар өспүрүмдөр уюмуна кабыл алына турган окуучуларды куттуктап, сөз сүйлөдү.
Мыкты окуучулар “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар өспүрүмдөр уюмунун катарына өтүп жатып, жолдошторунун, мугалимдердин жана ата-энелеринин алдында салтанаттуу түрдө Ант беришти.
Ант берилген окуучуларга эмгек социялдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чонбагышева Жаңыл Насировна, Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, ата-энелер комитетинин төрагасы Турдиев Кожокмат Тактиевич, ата-энелер жана мугалимдер мектептин “Эң мыкты” окуучуларына жагоону тагып беришти.
Иш-чаранын соңунда келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышты.
3-4-класстарга “Сейтектин төрөлүшү””, 5-6-класстар “Манастын уулу Семетей”,9- 10-11-класстар “Манас” эпосу баа жеткис мурас” деген темаларда класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өткөрүлдү.
Иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Комментарии