25-май Акыркы конгуроо
Маалымат
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында бүгүн 25-май 2023-жылы “Акыркы конгуроо” салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Билим берүү министиринин өкүлү Рыспаев Бакыт Бекташович, Аламүдүн районунун билим берүү өкүлү Токтоева Динара Асанкуловна,Аламүдүн районунун социалдык коргоо башчысы Султанов Алмаз Молдогазиевич,Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар Кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, Айыл өкмөтүнүн депутаты Низамудинов Шаукет Ходжахметович,Айыл өкмөтүнүн орун басары Мусурупов Таалайбек Жумакадыровичтер катышты.
“Акыркы конгуроо” иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, Кыргыз Туусун олимпиаданын жеңүүчүлөрү көтөрүштү.
Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп –гимназиясынын директору Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги А.Ш.Омурова мугалимдер жааматын, конокторду, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине киргизүү жөнүндө буйругу менен таныштырды.
Билим берүү министиринин өкүлү Рыспаев Бакыт Бекташович, Аламүдүн районунун билим берүү өкүлү Токтоева Динара Асанкуловна,Аламүдүн районунун социалдык коргоо башчысы Султанов Алмаз Молдогазиевич,Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич, Айыл өкмөтүнүн депутаты Низамудинов Шаукет Ходжахметович,Айыл өкмөтүнүн орун басары Мусурупов Таалайбек Жумакадыровичтер катышып куттуктоо сөздөрүн айтуу менен бирге Райондук олимпиаданын жеңүүчү окуучуларына жана окуткан мугалимдерге Ардак грамоталарды жана сыйлыктарды тапшырышты.
Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар кеңешинин төрөгасы Умурбаев Канат Касымбаевич өзүнүн жана үй бүлөсүнүн атынан мугалимдерге 20 миң (жыйырма миң) өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды. Лебединовка Айыл өкмөтү иш-чарага 20 миң (жыйырма миң) өлчөмүндө акчалай сыйлык жана “Жыл мугалими 2023-жыл” конкурсуна катышкан Райимбердиева Эльвинага нан бышыруу мешин тапшырышты.
“Ханыша” бий Элдик ансамбили көркөм жетекчиси Омурова Жаркынай даярдаган бийчилер тобу “Айгүл” жана “cool girls” бийлерин бийлеп беришти.
“Сахна кеби” ийриминин окуучулары көркөм ырларды айтуу менен бирге мугалимдерди жана бүтүрүүчүлөрдү кутукташты.
Вокал ийриминин жетекчиси Дегенбаев Бекзамир бүтүрүүчүлөрдү куттуктап “Ак кайык” ырын ырдап берди.
Бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөз берилип, “бүтүрүү вальс” бийин бийлешти.
Иш-чаранын соңунда 11-Г классынын бүтүрүүчүсү мектептин отличниги Ыскакова Салиха менен 1-а класстын окуучусу Ясымов Илимжан “Акыркы конгуроону” чертишти.
Комментарии