9-май Жеңиш күнү
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында 9-май Жеңиш күнүнүн урматына жана Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиевдин 100 жылдык маарекесине карата иш-чаралар болуп өттү.
28-апрелде 2023-жылы 1-а классынын жетекчиси Керимкулова Таалайкүл Санатбековна жана 3-а, 3-б класстарынын класс жетекчиси Грошева Тамара Алексеевна, музыка мугалими Аабай уулу Бекболсун Аламүдүн районунун маданият үйүнүн алдындагы эстеликке гүл коюшуп, Жеңиш майрамына арналган ырларды көркөм айтышып, хор ырдашты.
3-майда 2023-жылы 1-11-класстарда Исмаилбек Таранчиевдин 100 жылдыгына арналган класстык сааттар класс жетекчилер тарабынан өткөрүлдү. Класстык саатта И.Таранчиевдин өмүр баяны, кылган эмгектери, сыйлыктары жөнүндө кеңири түшүндүрүштү.
Тарых мугалими Бактыбекова Айчүрөк Бактыбековна 6-е классы менен жана 11-а классы менен Аламүдүн районунун китепканасына Жеңиш күнүнө арналган көргөзмөгө барып, окуучуларга Жеңиш күнүнүн тарыхын кеңири баяндап берди.
Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиевдин 100 жылдык маарекесине карата тарых мугалимдери Белова Л.А. жана Ишенбек уулу Бакберген 10-класстар менен тегерек стол уюштурушту. Тегерек столдо окуучулардын презентациясы жакталып, суроолорго жоопторду ала алышты.
Комментарии