«Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы
Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында бүгүн 2-майда «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тарыхына жана заманбап коомдо анын ролуна арналган «Өнөр» жана «Чебер» ийримдеринин көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөдө ийримге катышкан окуучулар тарабынан жасалган буюмдар жасалып коюлду.
4-майда 1-11-класстарга класс жетекчилери тарабынан «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган класстык сааттар өткөрүлдү. Ар бир класстарда Интерактивдүү доскалар менен Конституцияга карата видео роликтер, Конституциянын кабыл алынгандыгы жөнүндө кеңири көрсөтүлүп, түшүндүрдү.
Конституциянын кабыл алганынын 30 жылдыгына мугалимдер менен окуучулар спорттук иш-чараларды өткөрүштү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30жылдык юбилейине арналган предметтер аралык таймаш 9-10-11-класстар менен тарых мугалими Султаналиева Айша Бормухамедовна өткөздү.
Комментарии